Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айлынын 40тан ашуун жаштары айылдагы мечитке жардам көрсөтүштү. Жаштардан чогулган жалпы 90 миң сом акча каражатынын бир бөлүгү мечиттин ички шарттарын жакшыртууга кеткен.
Чоң-Арык айылынын башкы имамы Кенжебек Тургунбаев жаштарга жардам бергиле деп кайрылбаганын, алар өздөрү демилгелеп көмөк көрсөткөнүн айтты.
— Өзүбүздүн айылдын тургундары, жаш балдарыбыз, Орусия мамлекетинде иштеп келгендер өзүлөрү сүйлөшүшүп, жардам берели деп чечишиптир. Келип менден сурашканда, мен өз макулдугумду бердим. Ушул биздин мечитке мурда кран крек эле, дабатка келгендер үчүн жашаганга үй бир ирет оңдоп-түзөөдөн өтүшү керек эле. Анан балдар келип бизден эмне жардам керек деп сурашканда, биз ошолорду айттык. Балдар келип жардам бергенден бери биздин мечитте абдан көп өзгөрүүлөр болду. Буга чейин мечитти ичи муздак, полу жок цемент эле. Ошону пол кылдык, жылуулук системасын оңдоттук, мечиттин ичинен суу чыгардык. Ошол балдар чогултуп берген акча дагы бар, түгөнө элек. Эми ал акчаны чоң мечиттин ремонтуна жумшайлы деп турабыз.
Ушул мечитке жардам берүүнү уюштурган айыл тургуну Таалайбек Нургазы уулу бул нерсеге айыл тургундар каршы болбогонун айтат. Анын айтымында, бир айдын ичинде 90 миң сом акча чогулган.
— Мен өзүм 25 жаштамын. Бул мечитке жардам берүү идеясы өзүмө эле таандык. Балдарга сунуш киргизсем, макул болуп калышты. Анан акчасын чогулта баштадык. Биринчи декабрь айынын башында баштаганбыз. Баарын чогултуп, январь айынын баталышында бүттүк десем болот. Жардам көрсөүүгө кошулабыз дегендердин жаш курагы чектелген жок. Эң улуусу отуз жаш болду. Баары биригип 90 миң сом акча чогултуп, имамдын колуна бердик. Ар бири өзүнүн алына жараша төлөп жатышты.
Мечиттеги жакшырган шарттарды сүрөткө тартууга имам уруксат бербей койгондуктан, мечиттин ичин сүрөткө түшүрүүгө мүмкүнчүлүк болгон жок.
Даярдаган: Бексултан кызы Арууке
Редактору: Бурулсун Уланбек кызы
Сынак үчүн