Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылынын тургуну Сыргабек Тиленбаев белгисиз бирөөнүн малын чөөлөр талап жеп жаткан жеринен таап, чөөлөрдүн бирин тирүү кармап алган.
Чөө кармап алган Сыргабек Тиленбаев буга чейин дагы аңчылык кылып жүргөнүн айтат. Бул жолу да атайын аңчылык үчүн тоого чыккан болчу.
«Тоого чыксам ошол чөөлөр бир бээни кармап алып жеп жатышыптыр. Өзүмдүн тайганымды жаныма алып алгам, ошол тайгандардын жардамы менен кармадым. Ал эми чөөлөр жеп жаткан бээ кимдики экенин билбейм, бирок мал өзү деле жарабай калыптыр. Чөөлөрдү кармаар менен эле үйгө жөнөдүм. Тайгандар кармаган мезгилде алардын экөөсүн өлтүрүп койгон, бирөөсү үйгө келгенден кийин өлдү. Эми бул кармап алаган чөөлөрдү айыл өкмөтүнө алып барып берем. Эгерде бул кармаган мээнетим үчүн бир нерсе кылышса, анда бул чөөлөрдү ошол жакка таштап келем. Эгерде эч нерсе дешпесе кайра үйгө алып келип, ыргытып жиберем. Албетте, аңчылык кылууну уланта берем.
Кетмен-Дөбө айыл аймагынын башчысы Советбек Жээналиев «Албетте бул чөөлөрдү кармап, айылга кошкон салымы үчүн жөн калбашы керек, анын кармап келген чөөлөрү үчүн 2000 сом акчалай сыйлык бөлүштүрүп берем» деп билдирди.
Даярдагандар: Бактыбек кызы Жайнагүл,Абдыкерим кызы Аида.
Редактору: Бурулсун Уланбек кызы
Сынак үчүн