Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылынын Коргол орто мектебинде «Тамашоу» таймашы болуп өттү. Анда эки команда ат салышып, 1-орунду мектептин 8-классынан түзүлгөн «Универсал» командасы багындырды.
Тамашоуду мектептин информатика мугалими Кубаныч Жумадилов уюштурду. Айтымында, уткан команда айылдар арасында боло турган шайыр тапкычтардын таймашына катышат.
«Мектеп окуучуларына сахна эрежелерин үйрөтүү, ошондой эле сахнада өздөрүн эркин алып жүрүүсүн үйрөтүү, талантуу жана активдүү окуучуларды тандап алуу жана аларга мектептин атынан колдоо көрсөтүп, алардын талантынын өркүндөшүнө салым кошуу максатында уюштурдук. Мына эми ачыла элек сандыкта бычыла элек кундуз бар дегендей бүгүнкү болуп өткөн Тамашоуго эки команда катышты. Эки команда тең жалаң активдүү балдардан түзүлгөн команда экен. Конкурста 1-орунду Универсал командасына бердик. Бул калыстар тарабынан чыккан чечим. Эми үмүтүбүз айыл арасында боло турган 2-сезондон биринчи орун болуу», — деп айтып өттү Жумадилов.
Жеңүүчү команданын капитаны, мектептин 8-классынын окуучусу Азирет Майнаев:
— Биз командабыздын атын Универсал деп койгонубуздун себеби командадагы балдардын баарысы универсал кыздар, балдарбыз. Ошондуктан чогуу сүйлөшүп, универсал деген ат менен чыктык. Биринчи орун болгонубузга абдан кубанычтабыз. Башында эле утаарыбызга ишенгенбиз. Анткени жакшы даярдык менен чыктык.
2-орундун ээлери Жигиттер командасынын капитаны Түгөлбай Жуманаалы уулу:
— Биз 2-орун болгонубузга өкүнбөйбүз. Жакшы даярданбаган элек, эч кандай калыстар тобуна нааразычылыгыбыз жок. Өзүбүздүн татыктуу баабызды алдык. Командабыз алты эр жигиттен түзүлгөнү үчүн Жигиттер деген ат менен чыктык.
Даярдаган: Аида Абдыкерим кызы
Редактору: Бурулсун Уланбек кызы
Сынак үчүн