Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылынын №13-Коргол атындыгы орто мектебинде окуучулар арасында «Манас таануу» таймашы болуп өттү. Ага эки команда катышып, 8-б классынын окуучулары жеңүүчү болду.
Айылдык баскычтан утуп алган окуучулар эми райондук «Манас таануу» сынагына катышат. Сынак 8-класстардын арасында болуп өттү.
Интеллектуалдык таймашты мектептин тарых мугалими Өмүр Турсунбаев уюштурду. Айтымында, былтыр айылдын командасы райондук баскычта 3-орунду камсыз кылышкан.
«Бул таймаш жылда өтөт. Эми быйыл жакшы оюн көрсөтүшөт деген ойдомун. Бул таймашты окуучуларга Манас жөнүндө кененирээк маалымат берүү жана ошондой эле патриот адам болууга үйрөтүү максатында уюштурабыз. Бүгүнкү таймаштагы эки команда тең абдан күчтүү командалар экен. Баарына ийгилик каалайм», — деп билдирди Турсунбаев.
Таймаштан жеңип алган Аккула командасынын топ мүчөсү Айзирек Таштан кызы «Бүгүнкү болуп өткөн таймаш абдан кызыктуу болду. Биздин атаандашыбыз дагы күчтүү окуучулардын курамынан түзүлгөндүктөн таймаштан жеңип чыгуу кыйын болду. Каршы командабыз бизден бир гана упайга утулуп калышты» деп айтып өттү.
Даярдагандар: Бексултан кызы Арууке, Бактыбек кызы Жайнагүл.
Редактору: Бурулсун Уланбек кызы
Сынак үчүн