Токтогул районунун Чоң-Арык айылында жалпы 200дөн ашуун пенсионер бар. Пенсияларынын кандай таратылып жатканы боюнча алардан сурап билип көрдүк.
Чоң-Арык айылынын почтачысы Гүлүмкан Курманбекова пенсияны өз убагында тапшыраарын айтат. Айтымында, айылдагы пенсионерлердин көбү 60 жаштан ашкандар болсо, айрымдары майыптыгынан улам жөлөк пул алгандар.
«Мүмкүнчүлүгү чектелгендерге мен өзүм барып таршырам. Ал эми калгандары почтадан барып алышат. Пенсияны эң көп суммада алгандары 10-15 миң сомго чейин барат», — деп билдирди Курманбекова.
Айылдын 65 жаштагы пенсионери Гүлнара Бобулова пенсиясын өз убагында алаарын айтты. Ал пенсияга чыкканына он жылга жакын убакыт болду.
«Ошондон бери пенсиямды өз убагында жана так алам. Суммасы 3600 сом», — деди пенсионер Бобулова.
Чоң-Арыктын 92 жаштагы тургуну Амантай Мейманалиевге пенсиясын үйүнө алып келип беришет дейт.
Мага пенсия өз убагында эле келет. Менин пенсия алганыма көп жыл болду. Эч кимге деле доом жок. Ушул пенсияны таратып жаткан өкмөткө чоң рахмат, айланайындарым», — деп билдирди Амантай ата.
Даярдагандар: Бексултан кызы Арууке, Бактыбек кызы Жайнагүл.
Редактору: Бурулсун Уланбек кызы
Сынак үчүн