Токтогул районунун Чоң-Арык айылынын депутаттары 11-декабрь күнү шайланып, жаңы шайланган депутаттардын алдыдагы пландары менен таанышкан элек. Бул материалда айыл тургундары ошол депутаттарды эмнени үмүт кылып шайлаганын сурап көрдүк.
Супайра Жусупбекова:
— Мен шайлоо күнү мектепке барып, жакшы иштей турган адамдарды шайлаганмын. Эми ошол депутаттар биздин үмүтүбүздү актап, элдин ишенимин актап, жакшы иштеп беришсе деген үмүттөмүн. Анан дагы жаңы айыл өкмөттү шайлаганда шашышпай, эки айылды экиге бөлбөй, депутаттар ынтымактуу болушса деп тилейт элем.
Кылычбек Кыпчакбаев:
— Шайлоо күнү мен өзүм тогуз адамды шайладым. Алардын баарысы өзүмдүн тааныштарым, туугандарым. Негизинен жакшы иштеп бере турган эле депутаттар шайланышты окшойт. Эми толугу менен антип айта бериш деле кыйын. Ар кимдин өзүнүн алдыдагы пландары бар болуш керек. Эң башкысы жакшы иштеп, эки айылдын депутаттары ынтымактуу болушсун.
Батырбек Ташыбаев:
— Эми депутаттар талапкерлигин коюп жаткан учурунда абдан эле көп убадаларды беришкен. Айылга бала бакча курдуруп беребиз деп айтышкан эле. Ошол айткан убадаларына турушса деп айтат элем. Элден түшкөн сунуштардын бардыгын чечип аткарып бериши керек деп ойлойм.
Маектешкен: Бексултан кызы Арууке
Редактору: Бурулсун Уланбекова
Сынак үчүн