Кыш мезгили келип, элдин баары көмүр жагып жатат. Токтогул районунун Чоң-Арык айылында көмүрдүн баасы сатуучулар менен алуучуларды канааттандырып жатабы, жашоочулардан сурап көрдүк.
Чоң-Арык айылынын тургуну Муратбек Ормонбеков үч жылдан бери көмүр сатып эмгектенет. Ал Кара Кеченин көмүрүн сатат.

— Көмүрдүн тоннасын беш миңден сатып жатабыз. Эл көмүрдүн баасына нааразы деле болгон жок. Мына бул көмүрдүн келгенине эки күн болду, келгенден бери жакшы өтүп жатат. Эки күндө сегиз тонна көмүр саттым. Менин саткан көмүрүм жакшы болсо керек, ошондуктан алган элдер нааразы болгон жок. Ал эми көмүрдүн баасы туурасында айтсам, жакшы кымбат эмес жылдагыдай эле. Башкалар көчө кыдырып сатып жатышат. Мен болсо үйдөн эле.
Айыл тургуну Бердигул Токторалиев:

— Кабын 270 сомго чейин сатып жатышат. Алган көмүрүбүз дагы жакшы күйүп жатат. Ушининтип элдин сатып жатканына дагы рахмат!
Биймырза Кыдыралиев дагы көмүрдүн баасы кымбат эмес дейт.

— Жылдагыдай эле көмүрдүн баасы кымбат эмес. Эми бул нерсе дагы жакшы, бизге минтип көчө кыдырып көмүр саткандар жок болсо дагы эмне дейт элек. Негизинен нааразы эмеспиз.
Айыл тургундарынын арасында сурамжылоо жүргүзгөндөн кийин көмүрдүн баасы элди канаттандыраарын түшүндүк.
Маектешкендер: Бактыбек кызы Жайнагүл, Абдыкерим кызы Аида.
Редактору: Бурулсун Уланбекова
Сынак үчүн