Чоң-Арык айылынан Токтогулга жаңы №425-маршрутка каттай баштады. Эми айыл тургундары районго 50 сом менен барып калышты. Буга чейин айыл тургундары Токтогул шаарчасына 100 сом жол кире төлөп каттап келишкен.
Айыл тургуну Нурбек Ондошов буга чейин айыл ичиндеги жүк ташуучу унаасы менен жашоочулардын ар кандай жүктөрүн ташып кызмат көрсөтүп келген. Жай айларынан бери Чоң-Арык — Токтогул маршрутун ишке киргизип, учурда иши бир жолго түшүп калганын айтат.

«Мен бул маршрутту айдай баштаганда, айылдын таксисттери мени менен «бизди оокат кылдырасыңбы” дешип урушкан күндөрү болгон. Бирок азыр эл дагы, таксисттер дагы көнүп калышты. Азыр андай уруш-талаштар азайды десем болот», — деди Ондошов.

Маршрут 16 жүргүнчүгө ылайыкташкан. Токтогул району менен Чоң-Арык айылынын ортосундагы аралык болсо 50 километрди түзөт. Ал эми элдин баарын үйлөрүнө жеткиргенге чейин 65-70 км болуп калаарын айтат Ондошов.
«Кээде маршруттун ичи толбой, эл аз болуп калган күндөр дагы болот. Эл аябай көп болуп, маршруткага батпай калган күндөр дагы болот. Мен машинанын ичи толгонго чейин элдерди ала берем, толгондон кийин дагы эл өзү «районго жеткенче туруп кете беребиз» деп макул болушса анда ала берем. Кээде 20 адам болуп кетет, бирок ошол нерсеге эл нааразы деле болбойт», — деп айтып берди маршрутканын ээси Ондошов.

Шаарчага биринчи рейс эртең мененки 9да жөнөйт, кайра саат түштөн кийин 2де маршрут толбосо дагы үйгө жөнөөрүн айтат ал. Бул каттам үчүн Ондошов айыл өкмөттөн уруксат алган. Андан тышкары ал буйрутмалар менен башка жактарга да жүргүнчү ташып иштейт.
Айылдын тургуну Маржан Алыбаева «бул маршруттун келгени элге аябай эле жакшы болду, анткени мурда биздин жол киребизге эле 200 сом кетип калчу» деген оюн билдирди.

Чоң-Арыктан Токтогулга жети жылдан бери каттап иштеген таксинин айдоочусу Бекболду Тагаев азырга чейин маршрутканын ишине нааразылардын бири.

«Себеби бул келгенден бери бидин ишибиз жүрбой, элдин баары ошол жакка кетип жатышат. Бирок азыркы заманда ар ким өзүнүн амалын ойлойт эмеспи», — деп нааразы болду Тагаев.
Даярдагандар: Бактыбек кызы Жайнпгүл, Абдыкерим кызы Аида.
Редактору: Бурулсун Уланбек кызы
Сынак үчүн