30-декабрдан 11-январга чейин кышкы каникул деп белгиленген. Бул арада Лейлек районуна караштуу Сары-Дөбө айылынын окуучулары кышкы каникулду кантип өткөрүүдө? Эмне менен алек болууда? деген суроолорго жооп издеп көрдүк.
Мирлан Ислам уулу, 7-классынын окуучусу:
— Кышкы каникул аябай кызыктуу өтүп жатат. Адабий китептерди окуп, сүрөт тартып алектенип жатам. Андан сырткары, инилеримди чана, лыжа, коньки тептирип үйрөтүп жатам.


Маегибизди 3-классынын окуучусу Айбакты Кылычбек кызы менен уланттык. Ал каникулда чеберчиликти үйрөнүп жатканын айтты.
— Каникулда мен бийлеп, компьютер ойноп, апама жардам берип, эң башкысы чеберчиликти үйрөнүп жатам. Баштыкчаларды, кийизден жасалган буюмдарды тигип жатам.

Мунара Малабаева, 11-класстын окуучусу:
— Бул каникул мен үчүн өзүнчө чоң мааниге ээ. Себеби ар бир күндү текке кетирбей ЖРТга даярданып жатам. Бул каникул тестке даярдануу үчүн чоң мүмкүнчүлүк.

Маектешкен: Нурбол Бактыбек уулу
Редактору: Аймир Каныбекова
Сынак үчүн