Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылындагы №13 Коргол орто мектебинин 11-классынын окуучуларынын Жалпы республикалык тестке (ЖРТ) даярданып жаткан мезгили. Мектептеги көпчүлүк мугалимдердин айтымында, быйлкы бүтүрүүчүлөр тестте жакшы көрсөткүчтөргө жетет.
Быйыл 11-класстарды ЖРТга мектептин математиги Майрам Сүйүналиева кыргыз тил мугалими Айзада Тапанова даярдап жатат.
Сүйүналиеванын билдиришинче, окуучулардын дээрлик бардыгы жакшы аракет кылууда.
— Мектепте 11-класстар жалпы биригип 51 окуучу бар. Алардын 40тан ашыгы ЖРТга даярданып жатышат. Бардыгы бирдей күчтүү эмес. Бирок көбү жакшы жыйынтык көрсөтчүдөй көрүнөт. Анткени көпчүлугү аракетчил жакшы кыздар, балдар. Алардын ичинен азыр 14ү отличник, 19у ударник, калгандары деле жаман эмес. Бирок бүтүрүүчү класс болгондуктан майрам көп болуп, кече-чогулуш дегендерге көп алаксып жатышат. Бир күндө төрт саатка чейин даярданабыз. Ал эми акысы ар бир окуучу айына 50 сомдон берет. Баарыбыз Секомдун китеби менен даярданып жатабыз.
Мектептин 11-классынын окуучусу Гүлназ Максатбек кызы Гүльназ «Жакшылап даярдана берсек, аракетке берекет дегендей, үзүрүн көрүп калаттырбыз. Эки мугалим тең жакшы даярдап жатышат. Негизинен экөө тең иштегенине көп жыл болуп такшалып калган эжекелер десем болот. Баасы кымбат деле эмес, жылдагыдай эле» деп билдирди.
Даярдагандар: Бактыбек кызы Жайнагүл, Абдыкерим кызы Аида.
Редактору: Бурулсун Уланбек кызы
Сынак үчүн