Токтогул районунун Чоң-Арык айылында «1-июнь-эл аралык балдарды коргоо күнүнө» карата майрамдык кече болуп өттү. Кечеге 2 жашатан 12 жашка чейинки бөбөктөр чакырылып, аларга бекер балмуздактар таратылды.
Майрамдык кече Чоң-Арык айылындагы акын Коргол Досу уулунун музейинде уюуштурулду. Чоң-Арык айылылынын башчысы Нурлан Атабеков балдар күнүнө карата өкмөттүн бюджетинен жалпы алты миң сом акча каралганын айтат.
«Бюджеттен каралаган акчага балдарга керектүү белектерди сатып алдык. Андан сырткары Кетмен Дөбө айылдык кеңешинин Чоң-Арык айылдындагы депутаттары акча чогултушуп, таратылган балмуздактарды алып беришти. Ошондой эле айыл тургундары да ата-энеси жок, аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдарына өз жардамдарын беришти. Коргол мектебинин директорунун орун басары менен чогулуп балдарга концерттик программа даярдадык. Концертте жогоруда аталган мектептин окуучулары келип өз таланттары менен балдарга жагымдуу маанай тартуулашты. Майрамдын жүрүшүндө балдарга «Менин айылым» темасында сүрөт сыныгын жүргүзүп, алдыңкы сүрөтчүлөргө белектер берилди», — деп билдирди Атабеков.
Балдарын майрамга алып келген айыл тургуну Бактыгүл Сүйүнтбек кызы кече жакшы өткөнүн айтты.
«Биз бул майрамды жылда балдарыбыз менен чогуу музей алдында майрамдайбыз. Майрамды уюштуруучуларга, өкмөткө, жалпы аппаратка чоң ыраазычылыгыбызды айтабыз. Балдардын майрамы жакшы, аз болсо да өкмөт тарабынан берилген белектерди алып, көңүлдөрү куунак ойноп-күлүп жүрүрүштү», — деди ал.
Аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдарына жардам бергендердин бири, айылдын 25 жаштагы тургуну Асел Зарлык кызы төмөндөгүлөргө токтолду.
«Мен айылдагы эки окуучуну базарга алып барып, 3000 сомдой акчага жайкы кийим-кечелерин алып бердим. Бул берген жардамым биринчиси. Эми жыл сайын балдарга колумдан келген жардамымды берип турам», — деп айтып өттү Зарлык кызы.
Сүрөт тартып оюнчук утуп алгана 5 жаштагы Элмирбек Казаков «бүгүнкү күн абдан жакты, уюштуруучуларга чоң рахматымды айтам» деди.
Даярдаган: Бурулсун Уланбек кызы