«1-июнь балдарды коргоо күнүнө» карата Талас шаарынын Кутманалиев атындагы стадионунда “Китеп кербени” болуп өттү. Иш-чара Талас облусундагы Америка борбору жана Тынчтык Корпусу менен биргелекте өткөрүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты — жаш өсүрүмдөрдү китеп окууга чакыруу жана ошондой эле англис тилин үрөөнүүгө үгүттөө.
“Бүгүнкү иш-чара жыйынтыктоочу болду. Биз Талас облусунун айылдарын кыдырып келдик. Китеп кербени балдардын майрамы менен бир күндө өткөрүлдү. Иш-чарабызда бир гана балдар эмес, ата-энелер да кызыгуусу менен катышып жатат”, – деп кошумчалады Америка ордосунун координатору Чынара Жумагулова.

Талас шаарынын тургуну Венера Оморова “Балдарыма абдан жагып жатат, бал муздак да таратылды. Китеп окуп жатабыз, кызыктуу оюндарды ойноп белек алдык” деп айтып өттү.
“Китеп Кербени” – бул маалымат алуучу аянтча. Бул аянтчада мастер-класстар, клубдар, жаш өспүрүмдөр үчүн инновациялык ыкмалар менен англис тилин үйрөнүү мүмкүнчүлүктөрү түзүлгөн.
Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова