Жайыл районунун Кара-Суу орто мектебинде 9-класстар үчүн 2-июнда мамлекеттик жыйынтыктоо аттестациясы башталды.
Кара-Суу орто мектебинин директору Нургүл Алиеванын айтымында, быйыл мектепте 11 класс комплект жок болгондуктан 9-класстан эле жыйынтык аттестация алынат.
«Бүгүн математикадан, 6-июнда кыргыз тилинен, 9-июнда орус тилинен, 9-июнда тарыхтан жана 14үндө биологиядан экзамен тапшырышат», — деп билдирди Алиева.
Математикадан аттестацияны ардагер мугалим Марипа Каралаева өткөрсө, кыргыз тилинен – Ажиева Гүлжан, орус тилинен – Султаналы Чакчагаев, тарыхтан – Кадыраалы Чакчагаев, ал эми биологиядан – Калбүбү Азаркулова өткөрүшмөкчү.

«Окуучулар жана мугалимдер аттестацияга даяр”, — деди мектеп директору.
9-класстын жетекчиси Марипа Каралаева быйыл сегиз эле окуучу классты бүтүрүп жатканын кошумчалады. «Негизинен жакшы окушат. Аттестацияга даярдыгыбыз жакшы», — деди Каралаева.
“Ак кептер” медиаборборунун атынан мугалимдер менен окуучуларга мамлекеттик аттестацияны ийгиликтүү тапшырып алышын каалайбыз!
Даярдагандар: Чакчагаев Султаналы, Бейшенбекова Гүлзаада.