Мектептин мурунку бүтүрүүчүлөрү Азима Шакирова жана Айжаркын Эркинбек кызы өздөрү окуган мектепке келишип окуучуларга конок-лекция өткөрүп беришти. Алар өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, бүтүрүүчүлөргө кеңештерин айтышты. Учурда Азима Ата -Түрк унниверситетинин 1-курсунун, ал эми Айжаркын Салымбеков университетинин медицина факультетинин 2-курсунун студенттери.

Айжаркын жана Азима жолугушуу учурунда
Алар өздөрү билим алган мектепке келип, кийинки муунга багыт бергени окуучулар үчүн өзгөчө таасирдүү болду. Эске сала кетсек мектепте окуп жүргөн учурунда алар «Шапак» медиа борборунун ыктыярчылары болуп иштешкен. Айжаркын жана Азима айрыкча дисциплинанын маанисин баса белгилешти. Турмушта эч ким эскертпей турганын, адамды алдыга сүрөй турган негизги күч — ички тартип экенин түшүндүрүштү. Окуучу кездеринде убакытты текке кетиргендерине өкүнгөнүн да жашырышкан жок.

Окуучулар үчүн лекция абдан пайдалуу жана кызыктуу болду
«Окуу — бул өзүңө салынган инвестиция» деген ой жолугушуунун негизги жыйынтыгы болду. Ийгилик, туруктуу эмгек жана үзгүлтүксүз үйрөнүү менен келери айтылды. Жолугушуунун соңунда окуучулар суроолорун берип, кенен жоопторду алышты. Андан соң Азима Шакирова кыскача интервью берип, жаштарга билимге болгон жоопкерчиликтүү мамиле ар дайым ийгиликке жол ачарын баса белгиледи:»

Азима Шакирова-мектептин мурдагы бүтүрүүчүсү
«Мектепти 2024-жылы аяктадым. Учурда Ата-Түрк университетинин лингвистика бөлүмүнүн 1-курсунун студентимин. Мектепте 8-класста окуп жүргөн кезимде «Шапак» медиа борбору уюшулуп, ал жакта ыктыярчы болуп иштеп калдым. Интервью алып, видео тартып, репортаждарды жасачубуз. Медиада алган билимим жана тажрыйбам азыр мага киреше алып келүүдө. Окуудан тышкары авто унаа саткан «Жорго» трейдинг компаниясында мобилограф, СММ адиси болуп иштейм жана кошумча каражат табам. Учурдан пайдаланып окуучуларга кандай коомдук жумуш, кружок, конкурстар болбосун аларга катышкыла деп кеңеш берем. Себеби алардын сөзсүз пайдасы тийет».
Даярдаган:Жасмина Кубатбекова