Талас облусундагы мектептер арасында 1-июнда өткөрүлгөн биринчи тез жардам боюнча таймашта Талас шаарындагы №3-мектеп жеңишке жетти. Эми бул мектеп тайпасы Бишкек шаарында өтө турган республикалык сынакка катышат.
Талас шаарында 1-июнь күнү Талас облусунун мектептер арасындагы биринчи тез жардам көрсөтүү боюнча мелдеш болуп өттү. Жыл сайын өтүүчү жарышка облустан 12 орто мектеп жана Талас шаарынан эки орто мектеп катышты.
Иш-чаранын негизги максаты — мектеп окуучуларын тез жардам көрсөтүүгө үйрөтүү, өзгөчө кырдаалда жабыр тарткан адамдарга жардам берүү. Жарыш 3 баскычтан турду: биринчиси логикалык тест, экинчиси өпкө-жүрөктү реанимациялоо ыкмаларын текшерүү, үчүнчүсү жабыр тарткан адамга биринчи жардам көрсөтүү.


Жарыштын жыйынтыгы боюнча, 1-орунга Талас шаарынын № 3-орто мектеби ээ болуп, Бишкек шаарына жолдомо алды.
Мелдешти “Кызыл ай” коому уюштурду. Талас облусу боюнча Кызыл-Ай коомунун жетекчиси Дилдакан Шадыбекованын айтымында, уткан команда республикалык деңгеелдеги мелдешке катышат.
“Биздин иш-чарабызга Швейцариядан делегация келген. Алар репортерлор, журналисттер жана тоо лыжа спорту боюнча дүйнөлүк олимпиада чемпиону Гисен Доменик”, — деп кошумчалады Шадыбекова.
Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова