22-март бүткүл дүйнөлүк сууну коргоо күнү болгон.Ал эми 22-апрелде фестиваль болуп өттү. Барскоон айылындагы Эшманбет Кендирбаев атындагы мектеп окуучулары бул фестивальга катышып келишкен.

Биология мугалими Наргиза Сатыбалдиева негизги максаты бул жер энени коргоо анан адамдардын ага кылган мамилесин ачык көрсөтүү жана ак илбирсти коргоо деп оюн билдирди:
«22-апрель бүткүл дүйнөлүк жер күнүнө карата экологиялык фестиваль өткөн.Ошол экологиялык проблемаларды чагылдыруу болгон. Ага:Сары-чат,Эр-таш коругунан келген адистер жана райондук окуу бөлүмүнүн башчылары катышты,анын ичинен эң жакшы көрсөткүчтөрдү биздин Эшмамбет Кендирбаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин экологиялык ийриминдеги окуучулар өзүлөрүнүн деңгээлин дагы бир жолу көрсөтө алышты. Окуу бөлүмүнүн башчылары айтымына караганда беш миң сомдук китептен үч мектепкке берилди. Ушул экологиялык фестивальга ыр, бийин ценкасын көрсөтмө куралдарын даярдаган Жыргал Алыбаева эжейге громата жана экология ийримине катышкан окуучуларга жыйырма китеп, чоң энциклопедия тапшырылды».
7-класстын окуучусу Жылдыз Кенжегулова фестивальга сайманы унутта калтырбоо максатында барганын айта кетти:
«Тандаганымдын себеби азыркы учурда сайма абдан бааланып келет.Жана сайманы адамдар техниканын жардамы менен сайат, Негизинен колго сайган сайма жогорку деңгээлде бааланат. Мурунку убакта апаларыбыз колго сайган жана да эрежелерин мыкты билишкен.Ошол себептен да кызыгуум арта баштады. Фестивальдын максаты ак илбирсти коргоо болгондуктан илбирстин ар кандай сүрөттөрүң кийизге түшүрүп,андан соң терс кайырма саймсы менен сайгам.Мен сайган сайманын аталышы «Бактылуу үй бүлөө».Көп эле жардамдар болду алардан айта кетсем өзүмдүн атам сүрөт мугалими болгондуктан сүрөт тартууга, « Алтын оймок» кружогунун жетекчиси Жамиля эжей туура сайуунун эрежелерин үйрөттү. Мен буга чейин 2016-жылы райондук сынактан биздин мектеп биринчи орунга ээ болуп,активдүү катышкандыгым үчүн ар кандай белектер жана громаталар менен сыйлангам».
Ошондой эле 9-классынын окуучусу Наристе Асылбекова эстрада ырчысы Гүлзада Рыскулованын «Жер эне» аттуу ырын ырдап,өнөрү менен кабарчыларга бөлүшө кетти:

«Мен Гүлзада Рыскулованын «Жер эне» деген ырын ырдагам, ал ырда жан жаныбарларды, жаратылышты коргоо жөнүнүндө болчу. Ушу ак илбирсти коргоо боюнча Ак шыйракка барып келгенбиз 22-декабрда. Аяка барып ырдап, бийлеп, жомоктрду коюуп, илбирс бийин бийлегенбиз. Ал жерден экинчи орунду жана он миң сом сыйлык алганбыз.»
Экологояны сактоо фестивалдары дагы да өткөрүлүп турат.
Даярдаган: Барскоон айылындагы Э. Кендирбаев атындагы орто мектебинин окуучулары Гүлназ Рашидова, Назика Муратова.