Тогуз коргоол, шахмат жана тенис оюндары боюнча алты айыл арасында олимпиада оюндары алгачкы жолу Чоң-Арык айылында болуп өттү. Буга чейин оюндар жыл сайын Терек-Суу айылында өтчү.
Коргол орто мектебинин дене тарбия мугалими жана Чоң-Арык командасынын жетекчиси Жумакмат Бердалиевдин айтымында, айылдын буга чейинки жетишкендиктер эске алынып спорттук оюндар Чоң-Арык айылында өткөрүлгөн.
«Коргол мектебинин окуучулары ар кандай спорттук олимпиадада дайыма алдыңкы орундарга илинээрин өзүңөр деле билесиңер. Ошондуктан олимпияда Чоң-Арыкта өттү. Шахмат оюну боюнча Чоң-Арык айылы 1-орун болду, тогуз коргоол оюну боюнча Кара Күңгөй айылы биринчи, ал эми теннис боюнча Чоң-Арык айылы биринчи болду», — деп билдирди Бердалиев.
Шахмат оюну боюнча биринчиликти ээлеген Чоң-Арык командасынын мүчөсү Алина Бейшенкул кызы былтыр да ийгиликтүү оюн көрсөткөн.
«Былтыр айыл арасынан 1-орун болуп, райондон 6-орун болуп калдым эле. Быйыл жакшы даярдык менен барып биринчи болсом деген тилегим бар», — деди ал.
Шахмат боюнча 2-орун болгон Терек-Суу айылынан келген Мырзагүл Райымбердиева «Менин ойногон эки атаандашым тең күчтүү мыкты ойногон окуучулар экен. Оюн учурунда экөөнү жеңип бирөөнөн утулуп калдым» деп айтып өттү.
Даярдагандар: Бактыбек кызы Жайнагүл, Абдыкерим кызы Аида.
Редактору: Бурулсун Уланбекова
Сынак үчүн