Лейлек районунун Сумбула айыл аймагында жашаган мүмкүнчүлүгү чектелгендер жана жардамга муктаждыгы бар адамдар жөнүндө билип көрүүнү чечтик. Бул тууралуу айыл өкмөттүн соцадиси менен маек курдук.
Сумбула айыл өкмөтүнүн соцадиси Кутмат Убайдуллаев мүмкүнчүлүгү чектелгендер жана жардамга муктаждыгы бар адамдар жөнүндө айтып берди.

«Сумбула айыл аймагы боюнча мүмкүнчүлүгү чектелгендердин саны 358ди түзөт. Жыл сайын акчалай жардамдар көрсөтүлүп турат. Бир үйдө 3-4төн майыптары бар 21 үй-бүлө камкордукка алынган. Аларга материалдык жардамдар бат-баттан көрсөтүлүп турат. Аймактагы майыптарды саны 358ди түзсө, алардын ичинен 285 майып жөлөк пул алат», — деп билдирди ал.
Айтымында жардамга муктаждыгы бар адамдардын 70 пайызын улгайып калган жашоочулар түзөт.
«Мунун себеби балдары кайтыш болуп калгандар жана балдары таштап кеткендер. Мындайдан алты жалгыз бой карыя жашайт. Буларга сөзсүз түрдө жөлөк пул берилет. Андан тышкары материалдык жактан жардамдар көрсөтүлөт», — деди ал.
Убайдуллаевдин кошумчалашында өтө жакыр үй-бүлөлөрдүн саны 65ди түзүп, аларга акча жагынан да, материалдык жактан да жардамдар көрсөтүлөт.
Мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жана жалгыз бой карыялар үчүн жыл сайын өкмөт тарабынан даярдалган концерттер коюлуп, ысык тамактар берилип турат.
Даярдаган: Бекжан Абдижамил уулу
Редактору: Данияр Исакбаев
Сынак үчүн