Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылынын тургуну, манасчы Салимбай Турсунбаев Коргол мектебинин окуучулары менен жолугуп, дил маек уюштурду. Дил маекте жакшы суроо берген окуучуларга Салимбай манасчы өзүнүн алып келген белектерин берди.
Салимбай Турсунбаев учурда манасчы Жалал-Абад облусунун Кара Көл шаарында жашап, энергетика адистиги боюнча Токтогул ГЭСиндеги каскадда эмгектенет. Мындан тышкары Кара Көл маданият үйүнүн усул бөлүмүндө башкы усулчу, балдардын атайын билим берүү борборунда «Манас» сабагы боюнча мугалим болуп эмгектенип, артынан шакирт ээрчитип жаш манасчыларды таптап келет.
— Бүгүнкү болгон маек абдан кызыктуу болду. Өзүм беш айдан бери туулуп өскөн айылым Чоң-Арыкка келе элек элем. Мектепти дагы көп жылдан бери биринчи көрдүм. Ал эми окуучулар абдан жакшы окуган кыздар, балдар экен. Алардын берген суроолору да абдан кызыктуу болду. Ар бир окуучу берген суроо так, даана, кызыктуу болуп жатты. Окуучулардын деңгээли абдан жакшы, алардын арасынан ыр жазган акындары дагы бар экен.
Акын, манасчы жана сөзмөр Салимбай Турсунбаевдин атасы Орозбай Манасты жорго сөз менен сабалатып айткан чоң төкмө акын болгон. Ушундан улам ал атасынан Манас жөнүндө көп угуп, шыгы эрте ойгонгон. Ал 1986-жылы манасчылыгын ачыкка чыгарып, жалпы журттун алдында «Манас» айтат.
Тез эле оозго алынып, жалпы республикага аты таанылып, белгилүү манасчылардын сабына кошулат.
Сыйлыктары:
2005-жыл Мамлекеттик тил комиссиясынын жетекчилиги тарабынан «Кыргыз тилине кошкон салымы үчүн» мамлекеттик деңгээлдеги диплом менен сыйланган.
Даярдаган: Бексултан кызы Арууке
Редактору: Бурулсун Уланбекова
Сынак үчүн