Кетмен-Дөбө айыл аймагында мүмкүнчүлүгү чектелген канча адам каттоодо турат, аларга жергиликтүү бийлик тарабынан кандай жеңилдиктер каралганын билип көрүү үчүн Кетмен-Дөбө айыл аймагынын соцадиси Айтолкун Сулпиева менен маек курдук.
Саламатсызбы! Кетмен-Дөбө айыл аймагында канча мүмкүнчүлүгү чектелген адам каттоодо турат?
— Саламатчылык! Кетмен-Дөбө айыл аймагынын соцадиси катары тактаганыбыз боюнча 70 адам каттоодо турат. Анын 22си тубаса майып, калганы бала кезинен же андан кийин майып болгондор.

Аларга жергиликтүү бийлик тарабынан кандай жеңилдиктер каралган?
— 2016-жылы 3-декабрь мүмкүнчүлүгү чектелгендердин күнүндө 22 тубаса майып адамга, жок дегенде дары-дармегине жарасын деп, 500 сомдон акчалай жардам бердик. Калгандарына дагы белектер таркатылды.
Мүмкүнчүлүгү чектелгендерге мамлекет тарабынан жөлөк пул каралганбы? Орто эсеп менен канча сом жөлөк пул каралган?
— Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жөлөк пул каралган. Так суммасын айта албайм.
Кетмен-Дөбө айыл аймагында каттоодо турган мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен кандай иш алып барасыздар? Кандай жардамдарды бересиздер?
— Биздин бюджетибиз тартыш болгондугуна байланыштуу, бир жылда бир гана жолу майыптар күнүндө чектелген акча гана каралат.
Маектешкен: Алтынай Калыбай кызы
Редактору: Азима Нурбек кызы
Сынак үчүн