Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылынын 10-классынын окуучусу Айназик Каныбек кызы ыр жаза баштаганына беш жылдай болоюн деп калды. Айназиктин жазган ырларын мектептин мугалимдери дагы жактырып окушат.
Айназик жазган ырлары 30га чукулдап калган. Ал жан дүйнөсүнөн чыккан ырларынын баарын жаттап алган.
«Мага ыр жазган абдан жагат. Өзүм келечекте врач же мугалим болсом деймин. Кудай буйруса, мектепти бүтүп жогорку окуу жайына баргандан кийин ыр жазуумду уланта берем», — деди жаш акын.
Айназиктин жазган ырларынан сиздерге сунуштайбыз.
«Үркүнгө 100 жыл»
Кыргыз эли кара кыргыз аталып
Баштарынан кыйын күндү кечирген
Карапайым адамдарды кул кылып,
Бай манаптар эбегейсиз эсирген.
Адамды жүндөй сабаган,
Карасаң жүрөк канаган.
Сагаалап турган эшикте,
Кароочу иттей санаган.
Ал жайын сураар эл журттун,
Ал кезде эч ким болбогон
Кошомат кылып байларга,
Башчылар кедейлерли кордогон.
Үркүн болгон 16-жылдарда,
Жерин таштап ар кай жакка качышып.
Кара жанын сакташ үчүн калкалап,
Ашуу ашып бөтөн элге кетишкен.
Асарчылык каптап келип бир жактан,
Ачкалыктан баса алышпай жыгылган.
Карды тойбой үзүм нанга зар болуп,
Кайран элим ошол жылы кырылган.
Өз элинин жашап өткөн тарыхын
Биздин жаштар окуп-тактап билсин деп
Ушул жылды белгиледи президент,
Тарых жана маданият жылы деп
Бир кылым өтүп арадан,
Кутулуп кыргыз санаадан.
Эртеңин ойлоп эл журттун
Жетишти эми заманам.
«Жусуп баласагынга 1000жыл»
Ар улуттун өзүнүн акыны бар.
Жан дүйнөсү чыгармага жакыны бар.
Тарызта аты өчпөй жазылган,
Баласагын Жусуптай акыны бар.
Том-том китеп жазбаса да ашырып,
Эки-үч тилде «Кут билими» басылып.
Кыргыз элим баалап ушул акынды,
Элесин миң сомдукка басышкан.
Даярдаган: Арууке Бексултан кызы
Редактору: Бурулсун Уланбекова
Сынак үчүн