Лейлек районундагы Сумбула айыл аймагына жаңы башчы шайланмакчы. Учурда аймак башчылыгына койгон талапкерлер документтерин тапшырышып, шайлоого даярданып жатышат.
Бул тууралуу Сумбула айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы Абдирайим Жораев билдирди. Айтымында, башчылыкка талапкерлерди каттоо 17-январь күнү кечки саат 6:00дө аяктаган.

“Жергиликтуү кеңештин депутаттары шайлангандан кийин Сумбула айыл өкмөтүндө жергиликтүү кеңештин жана жергиликтүү башкаруу органдарын даярдоо боюнча, мамлекеттик мыйзамдын негизинде, Сумбула айыл аймагынын башчылыгына талапкерлерди каттоо аяктады”, — деп билдирди Жораев.
Учурда аймак башчылыгына канча талапкер катталганы белгисиз болгондугун Жораев кошумчалады.

«Борбордук шайлоо комиссиясынан келген жок. Борбордук шайлоо комиссиясынан катталгандан кийин айыл өкмөттө шайлоо өтөт. Аймак бачылыгына койгон талапкерлер, документтерин толуктап, бир жуманын ичинде тапшырып бүттү”, — деп кошумчалады Жораев.
Даярдаган: Бекжан Абдижамил уулу
Редактору: Данияр Исакбаев
Сынак үчүн