Талас шаарынын тургундары Чүй облусунун Сокулук районунда 2017-жылдын 16-январында Боинг-747 аба кемесинин авиациялык кырсыкка учурашынын натыйжасында каза болгон жарандардын үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам көрсөтүүгө каражат чогулуп жатат.
Мындан тышкары Талас шаары акчалай жардам беришип азыркы тапта 60 000 сомдун тегерегинде каражат чогулду. Жардамды жакынкы аралыкта Таластан чыгып жеткирип берүүнү пландашууда.
Биринчилерден болуп АДКБ “Айкөл” ыктыярчылары ишти башташкан.
Талас шаарынын мэриясынын имаратында жардам кабыл алуу пукту жайгашкан.
Жоопкерчиликтүү болуп Талас шаарынын мэриясынын уюшутуруу бөлүмүнүн башчысы болуп Максат Райымбердиев дайындалган.
Даярдагандар: Камчыбекова Рахат, Кубанычбекова Айжамал
Мыкты макала сынагы үчүн