Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы жыгач, темир уста Азамат Маматемин уулу дарбаза, эмерек, шып, стол жасайт. Бул иш менен жети жылдан бери алектенет.

Маматемин уулу өзүнүн өнөрү менен элге кызмат көрсөтүп келүүдө. Бир бөлмөнүн ичин эмерек, пол, потолоктору менен 15 күндө бүтөт. Кызмат акысы эмгегине жараша.

Кардары Абдиламит Толубаев устанын сарамжалдуу, тыкан иш кылаарын айтат. «Ошондуктан мен өзүм да үйүмдүн ичин жасаттым», — деди Толубаев.

Устанын кардарлары Ош облусунун булуң-бурчтарынан келет.

Азамат Маматемин уулу бул кесип менен алектенгенине ыраазы экенин, ушул кезге чейин жасаган иштери боюнча эч кандай нааразычылык түшө электигин айтат.


Даярдаган: Дилнура Абдиламит кызы
Сынак үчүн
АК