Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылындагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Жолоочу Шатманалиев 94 жашта. Ал 17 жашында Мекенди коргоо үчүн согушка аттанган.
Жолоочу Шатманалиев 1923-жылы Уста-Сайда январь айында төрөлгөн. Аны 17 жашымда аскерге чакырган. Алма-Атага барып, анан Москвага алып кетишкенин айтат ал.
«Ал жерде эки ай жүрдүк. Көк чөптү кайнатып ичтик, темир-тезек терип жүрдүк. Ал кезде орустардын буудайы бышып калган экен, андан жедик, ичибиз ооруду. Жүрүп отуруп, Донбаска жеткенде октор атыла баштады, танкалар атылып, биздин элди бүт эле кырып койду. Немецтердин эки танкасы келип туруп калды. Ат байлаган жер бар экен, ошол жерге токтодук, 2 буханка наным бар эле, аны 5 кишиге бөлүп бердим. Анан 2 киши өлүп калды. Үчөөсү нан издегени өйдө кетишти. Бир кезде аркы өйүзгө чыкканда, немиецтерди аттык, анан анын нанын алып жеп, өтүгүн, шинелин кийип алдык. Ошондой кыйын күндөр өттү. Октябрь-ноябрь айларында жарадар болуп, айылга келип калдым”, — деп айтып берди башынан өткөргөнүн согуш ардагери Шатманалиев.

Жолоочу Шатманалиевдин небере келини атасы менен сыймыктанаарын айтат.
“Биз ушу атамдын неберелери болобуз. Үйдө бактылуу үй-бүлө болуп жашап жатабыз. Мамлекет тарабынан дагы жардамдар берилип жатат. Пенсиясы бар, дары-дармектерине каражат бөлүнөт, электр энергиясына да жеңилдиктер бар”, — деди келини.

Чоң-Арык айылында согуштун ардагерлеринен жалгыз Жолоочу Шатманалиев калды. Андан тышкары тылда эмгектенген эки ардагер бар.
Даярдаган: Нуржамал Абдилдажан кызы, Анаркуль Алмазбек кызы
Сынак үчүн