Сумбула айыл өкмөтүндө жалгыз согуш ардагери калган. Ал Пусурманкул Рыскулов. Пусурманкул ата 19 жашында согушка барган.
Кадырбай Чоңмурунов Ноокат районунун Күнгөй Кожеке айылында Улуу Ата мекендик согушка катышкан жалгыз ардагери. Кадырбай Чоңмурунов жаш кезинде эле каардуу согуш башталып, башка жигиттердей сыяктуу эле согушка жөнөп кеткенин айтат.
Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылындагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Жолоочу Шатманалиев 94 жашта. Ал 17 жашында Мекенди коргоо үчүн согушка аттанган.