Кадырбай Чоңмурунов Ноокат районунун Күнгөй Кожеке айылында Улуу Ата мекендик согушка катышкан жалгыз ардагери. Кадырбай Чоңмурунов жаш кезинде эле каардуу согуш башталып, башка жигиттердей сыяктуу эле согушка жөнөп кеткенин айтат.
1943-жылы апрелде кетип, Самаркандда алты ай карантинде, андан кийин Волгоградда болгон. Андан соң Сталинский областында болуп, 1944-жылдын башында Румыняга барган.

Кадырбай Чоңмурунов жубайы Саипжамал Чоңмурунова менен азыркы кезге дейре бактылуу өмур сүрүп келүүдө. Бала-чакасын тарбиялап өстүрүшүп, небере-чөбөрөнүн жытын искеп келишүүдө.

Венада коргоо батальонунда немец туткундарын кайтарат. Убакыттын өтүшү менен адамдын үшүн алган каардуу согуш да аяктап, 1945-жылы өз эли-жерине кайтып келген.

Кадырбай Чоңмуруновдун келини Гүлбайра Кантөрөеванын айтымында, атасынын сүйлөгөн сөздөрүндө, аткарган жумуштарында өзүнчө бир керемет бар.
«Неберелерине мээримин бирдей төгүп, эркелетип балдарынын, неберелеринин, элдин жана биздин сыймыгыбыз болуп келүүдө», — дейт Гүлбайра Кантөрөева.
Даярдаган: Дилнура Абдиламит кызы
Сынак үчүн
АК