Бруцеллёз ылаңдаткычы эң майда микробдор болуп эсептелет. Бруцеллёз менен көбүнчө бодо мал, кой-эчки, чочко, топоз, жылкы, буйвол, төө, ит-мышык жана башка жаныбарлар ылаңдайт.
Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын ветеринария борборун дарт аныктоо жана экспертиза борборунун серология бөлүмүнүн башчысы Айнура Кубатовадан бруцеллёз ылаңы туурасында сурадык.
— Бруцеллездун 6 түрү бар: кой-эчкиден уйга, чочкого жугат. Көбүнчө бруцеллездун инфекциялык козгогучтар булагы болуп бруцеллез менен ылаңдаган малдар эсептелет. Алар өзгөчө коркунучтуу болот. Негизинен бруцеллез заң, сүт, урук менен гана сыртка бөлүнүп чыгат. Кээде ылаңдаган малдын организминде, көбүнчө бала салганда чарайна суулары аркылуу бөлүнүп чыгат. Бруцеллез уйлардын желиндеринде 7-9, койлордо 2-3 жылга сакталат. Бруцеллезду биз көбүнчө боордон, бөйрөктөн, көк боордон байкайбыз. Адамга бул оору кан аркылуу жана сүт аркылуу жугат. Бул ооруну алдын алса болот: короо жайга киргенде кол кап жана өтүк кийүү керек. Маал-маалы менен дагы короо жайды тазалап туруу керек.
Даярдаган: Калида Кубанычбекова
Сынак үчүн