Ак-Талаа районуна биринчи жолу элге кызмат көрсөтүүчү «Ашар» кызматы ачылды. Алар айыл тургундарынан кызмат акы алып, ар кандай жумуштарын аткаратып, кызмат көрсөтөт.
Каныбек Жусубалиев «Ашар» кызматынын уюштуруучусу. Уюмда учурда 10дой кызматкери бар.
“Кызматтар ар түрдүү: үй, короо жыйноо, үй актоо, палас-килемдерди тазалоо, мал союу, тойлорго кызмат кылуу», — деди Жусубалиев.
Кызматтар төмөнкү бааларда көрсөтүлөт:
үй жыйноо — 500 сом
бодо мал союу — 1500 сом
короо жай жыйноо — көлөмүнө жараша бааланат
Бул уюмдун кызматын колдонгон айыл тургуну Ардак Кенжеева оң көз карашта экенин айтты.
“Бул уюмдун балдары бизге кудук казууга жардам беришти. Иштегендери жакшы, баасы да канааттандырат”, — деди Кенжеева.
Ашар кызматы келечекте жумушсуздарды ишке алып, аларды жумуш менен камсыз кылууну пландаштырууда.
Даярдагандар: Тажиева Эльнура, Рахатбекова Айдай
Сынак үчүн