Баетов айылында жакында китеп дүкөнү ачылып, кызмат көрсөтө баштады. Бул китеп дүкөндө окуучуларга керектүү китептер алынып келинген.
Дүкөндүн ээси Нуржамал Болотбекова дүкөндү өз каражатына ачкан. Ал эми китептерди атайын буйрутма менен алдыртып келет.
Китеп дүкөнүн ачуудагы негизги максатын Болотбекова мындайча түшүндүрдү.
«Карасартов атындагы орто мектебине көбүнчө китептер жетишпейт Алып келип берчү киши жок. Бир аз болсо да жардам көрсөткүм келди. Көбүнчө бул жерде балдарга арналган жомок жана ортопедияга байланыштуу китептери бар. Ошондой эле англис тилин үйрөнүү боюнча да китептерди табууга болот. Китептердин баасы ар кандай, мисалы 300 сомдон 750 сомго чейин барат. Кардарлар керектүү китептерди айтышат. Мен алдыртып берем», — деп токтолду ал.
Ал эми мектеп окуучусу Асел Жакыпованын айтуусуна караганда, бул китеп дүкөнү ачылганы окуучулар үчүн жакшы болгон. Анткени бүтүрүүчү класстар үчүн керектүү китептер алынып келинген дейт ал.
«Бул жерден каалаган күнү керектүү китептерди таап алып жатабыз. Китептерди мурда шаарга атайын заказ берип алдырчубуз. Бул китептердин баасы биз үчүн туура эле болуп жатат ашып кетсе шаардыкынан 10-20 сом эле айырма болот», — дейт мектеп окуучусу.
Эске салсак, бул СССР маалында элге кызмат кылып, жабылып калган китеп дүкөндөн кийин алгачкы жолу ачылып жатат.
Даярдагандар: Адина Маметова, Калида Кубанычбекова
Сынак үчүн