Ноокат районунун Күнгөй Кожеке айылындагы багбан Үсөн Төрөев. Ал көчөттөрүн 1984-1985-жылдары тиккен.
Үсөн Төрөев 30 жылга жакын убакыттан бери багбанчылык менен алектенип келет. Бактагы көчөттөрдү бутап кыркууну немецтерден үйрөнгөн.
Бакта 250 түп алма бар. Багбан аларды евро жана германский деп атайт. Жаз мезгилинин башталышы менен температура 20%га жете электе алма көчөттөрүн атайын курт-кумурскаларга каршы даары менен дарылашат.
Бул бактан жылына 38 тонна алма алат жана 1 миллион 700 миң киреше таба алат. Кирешенин 10 пайызын балдар үйүнө жана мечиттерге садака катары берээрин айтат багбан.
Даярдаган: Дилнура Абдиламит кызы
Сынак үчүн
АК