Базар-Коргон районунун Могол айыл аймагында 25-апрелден 26-апрелге караган түндө катуу жаан жаап, үй, жолдорду сел алды. Айыл өкмөт башчысы 10 үйдү сел алганын айтты.
Ооган-Талаа — Базар-Коргон жолун сел алып, унаалар өтө албай калышты.
Бишкеке кетип жаткан Акыл Талипов жолдо беш саатка — таңкы 6дан 11ге — чейин күтүп турганын айтты.
«Базар-Коргондо жүргүнчүлөр күтүп калды. Жол тосулгандыктан кечигип жатам», — деп маалымдады ал.
Магал айылынын тургуну небересинин алиппе майрамына кетип жатканын айтты.
«Таңдан бери жолдун ачылышын күтүп жатам. Неберем күтүп жатат, кечигип калдым», — дейт айыл тургуну Гүлмира.
Алты сааттан кийин жол ачылды.
Унаалар акырындап өтө баштады.
Айылда он үй жаандан жабыркаган.
Үйдүн ичине да суу кирген.
Сууну аргасыздан чакалап да ташышкан.
Айылдын маданият үйүнө да суу кирген.
Тез жардам бөлүмү.
Автору: Айсулуу Эркинбекова
Сынак үчүн
Телефондон жазылды