Түп районуна караштуу Тасма айылында мал жандыктарын купкага салуу боюнча долбоор жүрүүдө. Мурда айыл тургундары купка жоктугуна байланыштуу коңшу айылдарга барып кой жандыгын дарылатып келишчү.
Учурда айыл тургундары мал жандыктары менен алек.Үй жандыктарынын саны көбөйгөн сайын ар кандай оорулар пайда болууда. Ошол себептен койлорду купкага салуу пландаштырылууда.
Тасма айылынын жайыт комитетинин башчысы Жалил Абдышовдун билдирүүсүндө, учуда купка салуу боюнча долбоордун үстүнөн иштеп жатышат. Азыр купка салууда негизги маселе суу болуп жаткандыгын айтат.
“Купка салуу үчүн проекттер менен иштеп, азыр бир проекти өттү. Биз купка салууну баштайбыз жакын арада. Андан соң биз мал жандыктарын өлгөндөн кийин да бир жерге ыргытыш үчүн да иштеп жатабыз”, — деп билдирди Абдышов.
Ал эми айыл тургуну Айдарбек Койчуманов купка салынуусу айыл тургундары үчүн жакшы шарт экенин билдирди. Мурда купка жоктугуна байланыштуу коңшу айылдар барып келүүчүбүз дейт ал.
«Негизинен купка салынса жакшы болот. Биз айыл тургундары купка жоктугуна байланыштуу коңшу Долон айылына барып келебиз. Жолдо көптөгөн кыйынчылыктар болот», — деп билдирет айыл тургуну Койчуманов.
Даярдаган:Айдана Саякова
Сынак үчүн