Ноокат районунун Жаңы-Базар айылында цемент сатуучу жай ачылды. Бул жай ачылып, жергиликтүү тургундарга ыңгайлуу болуп калганын айтышат.
Жаңы-Базар айылынын эли бул жердин ачылганына кубанып жатканын айтышты. Анткени цемент керек болгон маалда ушул жерге келип, алып кетишип өз жумуштарын бүтүрүшүүдө.
Сатуучу Азамат Алтынбековдун айтымында, бул жайдын ачылганына аз эле убакыт болсо да, кардарлар үзүлбөй келишүүдө. «Соода жакшы эле болууда, ушунчалыгына шүгүр», — дейт Азамат Алтынбеков.
Негизинен 50 килограммдык бир кап цементтин баасы 275 сом. Орто эсеп менен күнүнө ондон ашуун кардар келээрин айтат Алтынбеков.
Кардары Мирлан Сатаровдун айтымында, бул жайдын ачылганы элге пайдалуу иш болду. «Анткени мурун Ноокат районунан атайын убара болуп алып келчүүбүз. Азыр эми ушул эле жерден алып иштерибизди бүтүрүүдөбүз», — дейт айыл тургуну Сатаров.
Даярдаган: Дилнура Абдиламит кызы
Сынак үчүн
АК