Ноокат районунун Байыш айылы таза суу менен камсыз болду. Бул «Көк буудай» деген уюмдун аракетинин натыйжасында ишке ашкан.
Элдин кайрылуусу боюнча айыл молдолору жергиликтүү бийлик башчысы менен арабдардын «Көк буудай» деген уюму менен келишим түзүп, айылга таза сууну алып келишти.
Айыл тургуну Нурлан Парпиев суунун келгенине айыл эли кубанып жатканын, буга чейин таза сууга жетпей жүргөнүн айтты. «Себеби таза суунун жоктугунан улам арыктагы сууларды ичип, бала-чакага оорулар көп жукчу. Биз өтө ыраазыбыз», — деп билдирди Парпиев.
Таза сууну эл каалаган маалда колдоно беришет. Анткени чоргонун астына мотор аппараты орнотулган.
Айыл ичинде үч жерге курулган, бул нерсе элдин көйгөйлөрүнүн бирин арылткандай болду. Анткени таза суу чыгарылып, суу чоргосу курула электе бир канча чакырым алыстыктан суу ташып келишчү.
Даярдаган: Дилнура Абдиламит кызы
Сынак үчүн
АК