Ноокат районунун Жаңы-Базар айылында «Эне-Сай» деген миң түркүн дүкөнү ачылды. Бул дүкөндөн айыл шартына керек болгон буюмдарды табууга болот.
Дүкөндүн ичи чоң. Келген кардар издеген нерсесин таба алат. Азык-түлүк, кийим-кечек, конфеттин түрлөрү, бут кийимдер дегеле баары бар.
Сатуучу Патла Эргешованын айтымында, дүкөнгө келген кардар үзүлбөйт. «Эртеден кечке тынбай келип турушат. Киреше жакшы эле түшүүдө, ушунчалыгына шүгүр», — дейт Эргешова.
Дүкөндүн ичиндеги товарлар тастыкталган жана текшерүүдөн өткөндүгүн айтат сатуучу. Убагынан өткөн товарларды сатууга коюшпайт. Элден азырынча нааразычылык жок дейт Эргешова.
Кардары Адинай Эмилбек кызы ушул дүкөндөн соода кылаарын айтат. «Баары өз акчасына жараша арзан жана сапаттуу», — дейт Адинай.
«Каалаган нерсеми таба алам. Азык-түлүктөн кийим-кечек оюнчуктарга чейин бар», -дейт айылдын дагы бир тургуну Нурман Ибраим уулу.
Даярдаган: Дилнура Аблиламит кызы
Сынак үчүн
АК