Бакай-Ата айылынын тургуну Тагар Молдобеков элдин колу, бутунун сынган жерлерин кармап, массаж жасоо менен алектенет. Бул кесиби кичинекей бала чагынан башталган.

50 жаштан ашып калган Тагар Молдобековго келген адамдар ыразычылыгын билирип кетишкенин айтат. Анкени массаж жасоо менен көптөгөн орууларды айыктырып, кайра калыбына келтирет.

“Бул кишиге ыйлап келсек кайра күлүп чыгасын. Орууканага көрүнсөк кечирээк болот. Ал эми бул жерге келсек батыраак айыгат. Менин колум кечээ кыймылдабай келген, бүгун кыймылдап жакшы болуп калды. Мен бул жерге колум сынып, дагы ар кандай кокустуктар менен 3-4 жолу келдим”, — дейт Зийна апа.
Тагар Молдобеков өз кесиби туралуу мындай буларды айтып өттү.
“Кичине кезимден эле балдар менен ойноп жатып ошол жерден балдардын колу кайрылып, тарамышы созулуп жана чыккан болсо, ошол жерден эле таңып майдан сүйкөп калыбына келтирип койчум”, — деди Молдобеков.

Кары адам, жаш бала болобу баардыгына бирдей массаж жасап турат. Муну менен эле чектелип калбастан өзүнүн улуу баласы да учурда чет өлкөдө аскердик дарыгер болуп эмгектенээрин кошумчалады ал.
Даярдаган: Амантур Сейталиев
Сынак үчүн
АСү