Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Ахмаджан Абдурахманов «Медиа РАЙ» окуу борборунун компьютердик курсу боюнча окууну аяктаган бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, сертификаттарды тапшырды.
Үч-Коргон айылында 2016-жылдын 15-февралында «Медиа РАЙ» окуу борбору ачылып, англис тили, орус тили жана компьютердик курстар боюнча окутуулар башталган.

«Медиа РАЙ» окуу борборунун жетекчиси Атабек Ариповдун билдиришинче, окуу курстар үч ай убактытта окутулат. Окуу курстарын аяктагандарга сертификаттар жана стипендиялар берилет.

«Биздин окуу курстар Үч-Коргон айылында ачылып, орус тили жана англис тили үч ай, ал эми информатика боюнча эки ай окутулат. Биз бүгүн алгачкы бүтүрүүчүлөрүбүзгө сертификаттарды тапшыруудабыз. Мен ойлойм бул курсту аяктагандар башка жерлерге барып, кошумча жумуштарда иштешке толук мүмкүнчүлүк алышты», — дейт Арипов.

Жаштар ишинде акчалай жана материалдык жардамдарды көрсөткөндүгү үчүн Үч-Коргон айыл өкмөтү Абдурахманов Ахмаджанга «Медиа РАЙ» коомдук фондунун эмгек жамааты тарабынан ыраазычылык каты тапшырылган.
Бүгүнкү күнгө чейин Үч-Коргон айылынын жаштары Кызыл-Кыя шаарындагы окуу курстарына барып катышышса, мындан кийин Үч-Коргон айылында ачылган «Медиа РАЙ» окуу борбунда билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Даярдагандар: Нусратуллаев Сайёдбек, Пардаева Мохира
Сынак үчүн
КМ