Нарын районуна караштуу Учкун айылында жылда белгиленчү «Алиппе» майрамы болуп өттү. Бул майрам өзгөчө болуп, окуучулардын ойлонуусун арттыра турганы менен мурдагысынан айырмаланды. Майрамга үч класс катышып, КВН түрүндө болду.
Бул жылда эле өтүп турат. Быйылкысында көптөгөн өзгөчөлүктөр жана жаңы идеялар болду. Окуучулар ар кандай бийлерди, ырларды аткарышты.
1-класстын класс жетекчиси Айнура Сыдыкованын айтымында, мурунку майрамдар ар бир класста өз алдынча өтүлчү, ал эми быйыл КВН түрүндө өтүп, жалпы ата-энелер, мугалимдер, окуучулар катышып салтанаттуу түрдө өткөрүлгөндүгү менен айырмаланган.
«1-2-орун болгон жок. Бирок ата-энелер жана мугалимдердин айтуусу боюнча жогорку деңгээлде 1-«б» класстыкы болду. Даярданууда көптөгөн кыйынчылыктар болду, кичинекей балдар менен иштөө көп эмгекти талап кылат. Ошол үчүн аларга кенедей нерседен үйрөтүп, иштеш керек», — дейт Сыдыкова.
Кыргыз тил мугалими Тамара Кемелованын айтымында, бир жылга чейин окуучуларга баа коюлбайт, акырында алиппе майрамы менен жыйынтыкталышы керек.
«Биз үч класстын майрамына күбө болдук. Үч класска тең тапшырмалар берилиптир бул майрам эмес, сабак болуп эсептелинет. Ушул үч командадан бардыгын көрсөтүп, балдардын баары такылдап жооп берип, берген жооптору менен айырмаланган Айнура Сыдыкованын классы болду», — дейт Тамара Кемелова.
Айыл тургуну Дүйшөгүл Баялиевага бул майрам жаккан.
«Мен кичинекей балдардын жогорку деңгээлде аткарганын, баары ырларды такалбай жана ырдап бийлегендери абдан жакты. Балдар кичине болсо да Койсун Карасартова жана Андабековдун ырын туурап өзүндөй аткарып беришти деген ойдомун, ушунусу өзгөчө жакты», — деди майрамга катышкан Баялиева.
Аталган майрамга 70-80дей ата-энелер жана 20дай мугалимдер катышышты.
Даярдаган: Айдана Алмазбек кызы
Сынак үчүн
ЖА