«Тарых жана маданият» жылына карата Нарын районунун Учкун айылында ата-энелер менен бирдикте мектепте өтүлүп жаткан тарбиялык иштерге анализ берүү жана сапаттуу билим берүү боюнча ачык эшиктер күнү болуп өттү. Аталган иш-чарага кыркка жакын ата-энелер келип, интеграцияланган ийрим жана сабактарга катышып кетишти.
Ата-энелерге кандай таасир калтырганын бири кубануу менен айтса, бири окуучулардын билим деңгээлине нааразы болуп отурду.
«Мугалимдердин даярдыгы жакшы, мындай иш-чараны уюштурганы жакшы болуптур. Ата-энелер дагы келсе жакшы болмок, ал эми окуучулардын билим деңгээли орто деп айтсам туура болот», — деди айыл тургуну Зарина Кайыпова.
Аталган иш-чаранын максаттары менен тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары Сыдыков Мурат төмөнкүлөрдү айтты.
«Сабактардын интерактивдүү методдор боюнча өтүлүшү, тарбиялык сааттардын өтүлүшү, мектепте иштеп жаткан ийримдердин жетишкендиктерин белгилөө максатында өттү», — деди Сыдыков.
Ал эми окуучулар үчүн иш-чаранын кызыктуу болгону жүздөрүнөн көрүнүп турду.
«Интеграцияланган сабактарды өткөнү абдан кызыктуу болду, өзгөчө ар кайсы класстар аралашып, бири-бирибиз менен пикир алышканы. Баардык сабактар боюнча ар кандай суроолор берилип, алардын кээ бирине жооп берсек, билбеген сурообуздун жообун
алуу, дүйнө таанымыңды кеңейтүүгө абдан зор таасир этет экен. Келечекте да ушундай кызыктуу сабактарды уланта берсе деген тилектемин,» — деп окуучу Жибек Амантур кызы белгилеп өттү.
Андан тышкары иш-чара ачык сабак, ток шоу, викторина, таймаш, семинарлар менен коштолду.
Даярдаган: Элина Асанакунова
Сынак үчүн