1986-жылдын 26-апрелинде Украина ССРинин Чернобыль шаарынын аймагында жайгашкан атомдук электр станциясындагы болгон жарылуу ири калктуу өлкөнүн зор аймагын радиоактивдүү булгануусуна, уулануусуна, химиялык жактан талкалануусуна алып келген.
Миллиондогон адамдардын тагдырына, ден-соолугуна коркунуч жараткан. Бүгүн 26-апрель Чернобыль апаатынын 30 жылдыгына карата Баетов айыл аймагында жыйын өттү. Мында, биздин айылдан апаатка катышып келген 8 ардагер сыйлыкка ээ болушту. Бул күндү Кыргызстан боюнча белгиленүүдө.
Чогулушка Ак-Талаа районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары А. Сулайманов, аксакалдар уюмунан Өмүрбек Дөлөев жана ошондой эле социалдык коргоо, аскер комиссариятынан, Кара-Бүргөн, Жаңы-Талап айылдарынан, аялдар комитетинен, жаштар уюмунан өкүлдөр келип ардагерлерге каалоо-тилектерин айтып кетишти. Ак- Талаа районунун мамлекеттик администрациясынын биринчи орун басары А. Сулайманов өз сөзүндө мындай деп айтып кетти.
«Жалпы райондук активдин атынан биздин Чернобыль апааттын катышуучулары ак сакалдарыбызга, үй-бүлөлөрүнө чын ден-соолук, узун өмур, бакубат жашоо каалайм. Биринчиден жеке өзүмдүн атыман 30 жылдык майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм. Бул 1986-1989-жылдары союздун катуу мезгилинде Чернобылда союздук мамлекеттик чоң авария болгондо сиздер барып катышып, өмүрүңүздөрдү аябай эрдик жасагансыздар. Сиздер ар дайым биздин жүрөгүбүздө турасыздар», — деди Сулайманов.
Жана ошондой эле Чернобыль апаатынын катышуучулары; Кадыралиев Марсбек, Сулайманов Жолдубай, Осмонов Турсунбек, Абдиев Рысбек, Токтоев Автандил, Накиев Райымбек, Андашев Сейитбек төш белгилери менен сыйланышты.
Ошондой эле аксакалдар уюмунан Өмүрбек Дөөлеев өз сөзүндө:
«Бул Чернобль аппатында көптөгөн адамдар өз өмүрү менен кош айтышты. Кыргыздар үчүн сиздер Чернобылга барганыңыздар чоң сыймык деп эсептелинет. Ушул майрамыңыздар кут болсун!» деп куттуктады.
Даярдагандар: Айганыш Конокбаева, Нурпери Муратбекова
Сынак үчүн