Сумбула айыл өкмөтүндө жалгыз согуш ардагери калган. Ал Пусурманкул Рыскулов. Пусурманкул ата 19 жашында согушка барган.
1943-жылы күз айларында барып 1944-жылы январь айында согуштан алган жаракатынын айынан кайтып келген. Учурда согуш ардагери 96 жашка толуп олтурат. 96 жашка толгонуна карабай өзү жакшы көргөн китептерди көз айнектин жардамы менен окуй алат. Өзү тууралуу Пусурманкул аксакал мындай деди.
“1948-жылы сакайып калдым. Анан совхоздо иштедим. Ошентип мына 96га чыктым. Союз маалында мамлекет үйүмө ширенкеге чейин алып келип берчү. Азыр андай болбой калды. Союз бузулгандан кийин биздин кадырыбыз кетти. Менин кааларым эле, жаштарга, тынчтык болсу. Президентибизге ыйман-ынсап берсин, качып кетпесин, мына экөө качып кетти. Байлыкты жыйып алып. Элибиз ынтымакта болсун. Менин беш балам бар. Эки уул, үч кыз. Эки кызым жаш кезинде өлүп кетти. Учурда жыйырма жети неберем, жыйырма бир чеберем бар”, — деди Рыскулов.

Даярдаган: Нурислам Жанибеков
Сынак үчүн