Токтогул районунун Терек-Суу айылында жайгашкан №12 Курама уулу Турусбек мектебинде 27-май күнү акыркы коңгуроо аземи болуп ѳттү. Анда эӊ мыкты окуган окуучуларга мактоо баракчалары тапшырылып, демѳѳрчүлѳр тарабынан уюштурулган стипендиялар берилди.
Айыл ѳкмѳт башчысы Советбек Дженалиев “Акбакай” жамааттык мультимедиа борборунун тренерлери жана кабарчыларына сертификат, дипломдорду тапшырды. Ошондой эле смартфон үчүн биринчи сынактын жеӊүүчүлѳрүн салтанаттуу түрдѳ куттуктап, белектерин колдоруна тапшырды.
Акыркы коңгуроо 11-класстар үчүн жаӊыргандыктан бүтүрүүчүлѳрдүн толкундоолору, жакшы кѳз ирмемдери жана келечекке койгон максаттары менен теӊ бѳлүштүк.
Бүтүрүүчү класстын окуучусу Мунара Бакытбек кызы келечекте мугалим болгусу келгендигин айтат.
“Бүгүнкү акыркы коңгуроо аземи жакшы ѳттү, жылдагыга салыштырмалуу дагы жакшы болду окшойт. Негизи мен мугалимдик кесипти тандадым, ѳзүмѳ кичинекейимден бери эле мугалимдик кесип жагат, эмнегедир кичинекей балдар менен аралашып, аларга тарбия берген жагат”, — деп кубанычтуу кѳз ирмемдери менен бѳлүштү 11-класстын окуучусу Мунара.
Бүтүрүүчүлѳрдүн класс жетекчиси Нуржамал Казакбаева акыркы коңгуроо аземинин жүрүшү тууралуу тѳмѳндѳгүлѳргѳ токтолду.
“Бүгүнкү азем бүтүрүүчүлѳр үчүн болду, аябай жакшы ѳттү. Бир жагынан кубансак, бир жагынан балдарыбызга ичибиз ачышып отурабыз. Бүтүрүүчүлѳрүбүзгѳ ак жол каалайбыз, келечеги кенен болсун, жолу шыдыр, жолдошу кыдыр болсун”, — деп айтып өттү Казакбаева.
Баласы мектепти бүтүрүп жаткан Салима Бакирова тѳмѳндѳгү жакшы тилектерин айтып ѳттү.
“Менин балам быйылкы бүтүрүүчү класстын окуучусу. Балдарга ден-соолук, келечекте жакшы кесиптин ээлери болушсун, элин-жерин коргогон жакшы уул- кыздардан болушсун”, — деген тилектерин айтты Бакирова.
Даярдаган: Азима Нурбек кызы
Сынак үчүн