Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов мектебинде 27-май күнү акыркы коңгуроо салтанаты болду. Бүтүрүүчү класстардын алтын уядан учуп кетээр кези да келип жетти.

Бүгүнкү күнү бүтүрүүчүлөр экинчи үйү болгон мектептеринен узап жатып, көздөрүнө жаш алышты.

Мугалим Айтигүл Абдубалиева бүтүрүүчүлөргө «келечекте элине жараган чыгаан инсандардан болушсун» деген тилегин айтты.

Бул салтанатка бардык класстар катышышты жана өздөрүнүн өнөрлөрүн белек катары бүтүрүүчүлөргө тартуулашты. Ошону менен бирге мектеп босогосун жаңыдан гана аттаган 1-класстын окуучулары да каалоолорун айтышып, «Кара Жорго» бийлеп беришти. 

«Мыкты окуучу», «мыкты спортчу», «үлгүлүү журуш-турушу» деген наамдар окуучуларды сыйлашышты жана мугалимдерге да «жылдын мыкты мугалими» деген наам ыйгарышты.

Бүтүрүүчү Элнура Рысбек кызы мектепти бүтүп жатканына ичи ачышып жатканын айтты.
«Кубанычта эмесмин, анткени мектебим — экинчи үйүм, мугалимдерим экинчи ата-энем болуп калган болчу», — дейт Элнура Рысбек кызы.

Даярдаган: Дилнура Абдиламит кызы
Сынак үчүн