2016-жыдын 21-майында Бишкек шаарында болгон АГОЦАнын улуттук жолугушуусуна «ТОС Кар-Чийдин» төрагасы Шаршенбек Акматов катышып келди.
Бул тууралуу «ТОС КараЧийдин» төрагасы Шаршенбек Акматов буларга токтолду:»Бишкек шаарында 21-22-майда, АГОЦАга мүчө болгон Кыргызстандагы ТОСтордун жетекчилеринин катышуусунда улуттук жолугушуу болду. Жолугушууда 2015-жылы ТОСтордун аткарган иштери боюнча отчет бердик. Ошону менен бирге 2016-жылга иш пландар кабыл алынды. АГОЦАнын 2016-жылы өтүүчү форуму ушул жылдын август айында Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун Бөкөнбаев айылында өтөөрү белгиленди».
Белгилей кетсек «ТОС Кар-Чий» 2014-жылы АГОЦАга мүчө болуп кабыл алынган.
Даярдаган: Аман Шаршенбек уулу