Быйыл 2016-жылы улуу акын Коргоол Досуев 133 жашка толду. Токтогул Сатылгановдун шакирти Коргоол акынга азыркы убакта Чоң-Арык айылында музей тургузулган.
![20160409_104030[1]](http://akbakai.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/11/2016/04/20160409_1040301.jpg)
Музейдин жетекчиси жана Коргоол Досуевдин небереси Турсумкан Досуева чоң атасы жөнүндө маалымат берди.
![20160409_103717-1[1]](http://akbakai.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/11/2016/04/20160409_103717-11.jpg)
“Бул убакка чейин Коргоол Досу уулунун музейинде көп деле өзгөрүүлөр болгон жок. Экспонаттарын көбөйтүп жатабыз, эл арасынан ырларды чогултуп, чыгармаларын жаңылап чыгарып жатабыз. 2013-жылы республикалык деңгээлде мааракесин белгиледик. Азыр 4 томдугун таап, жаңыртып чыгардык. Коргоол атабыз тогуз бир туугандын эң кенжеси болгон. Атасы Досу комузчу, апасы Үпөл кошокчу болгон. Акын болушунун себеби ушундан болсо керек. Коргоолдун мурунку аты Суранчы болгон, бирок кичинекей болгондуктан, коргоолдой бала экен деп, Суранчы аты калып, Коргоол атыгып кетет. Акын 14 жашында элдин оозуна алынат. Ал “Кепиш жоголгондо”, “Токтогулдун баласынын өлгөнүн угузганы”, “Чилдебайга”, “Сталинге” ырларды жазган, атактуу “Акбакай” күүсүн чыгарган», — деп айтып берди Досуева.
![20160409_104104[1]](http://akbakai.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/11/2016/04/20160409_1041041.jpg)
Чоң-Арык айылындагы №13 Коргоол Досуев мектебинин тарых мугалими Өмүр Турсунбаев буга чейин окуучулар Коргоол тууралуу көп деле маалыматка ээ эмес болчу дейт.
«Кээ бирөөлөр агайдын чоң атасы деп гана билишкен жана анын чыгармачылыгы тууралуу деле кызыгышкан эмес. Кийинчерээк биз мектепте тарбиялык сааттарда Коргоол тууралуу көп маалымат берип, ага арналган ачык сабактарды көп өтө баштагандан кийин балдардын аң — сезими өзгөрдү”, — деп айтып берди Турсунбаев.
Даярдаган: Гулшайыр Гулжигитова
Сынак үчүн