Токтогул районунун Чоң-Арык айылында эшектер жоголуп, союлуп кеткен учурлар көп катталууда. Эшектердин күчү жана жардамы менен айыл тургундары өз жумуштарын бүтүрүшчү.
Азыр эми айыл тургундары эшектерин жоготуп, кантип табаарын билбей турган учуру. Айыл тургуну Мурат Бейшеналиев беш эшегин уурдаткандыгын айтат.
“Мен ушул айылдан талаага айдап койгон жеримден беш эшегимди союп, терисин сыйрып кетишти. Эшектер менин көптөгөн жумуштарымды бүтүрүшчү. Жайкысын тоодон малина терчүбүз. Эми эмне кылабыз. Мен бул тууралуу милиция кызматкерлерине билдиргем. Алар изилдеп жатышат. Эми алардын изин таап алсам, эшектеримди кайтарып алам деп ишенем”, — деди Бейшеналиев.
Айыл тургуну Турумкан кыргыз элинде мындай окуя болгон эмес, бул көрүнүш уят деген пикирде.
“Кыргыздын жети атасында илгери мындай шумдуктуудай окуя болгон эмес. Эшекти союп кеткендер ата-бабасынын салтын сыйлабагандар. Акчанын артынан сая түшүп алгандар болуп жатышат. Бул окуя элдин турмушуна өтө чоң зыян алып келип жатат. Элди кыйынчылыкка салды, иштин баарын эшектер менен бүтүрчүбүз, айла таппай жатабыз. Эми эшектерди байлап, карап калдык”, — дейт ал.
Чоң-Арык айылында милиция кызматкери жок болгондуктан, бул тууралуу алардан маалымат ала алган жокпуз.
Даярдаган: Максатбек уулу Адилет, Уланбек кызы Бурулсун
Сынак үчүн