Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айыл аймагындагы “Восточный” айылындагы мектепке ден соолук күнү боюнча иш-чара өткөрүлдү. Бүгүнкү иш-чаранын алкагында мектепте ден соолук акциясы уюштурулуп айлана- чөйрөнү тазалап, жаш көчөттөр отургузулду. Андан соң аталган мектептин дене-тарбия сабагынын мушалими Иван Иванов жалпы окуучуларга спорттук мелдештерди өткөрдү.
Айылдык оорукананын дарыгери Рустам Ридванов окуучуларга лекция өтүүдө
Мектеп окуучулары үчүн уюштурулган спорттук мелдештерге башталгыч класстын окуучуларынан баштап жогорку класстын окуучуларына чейин активдүү катышышты. Класс жетекчилер тарбиялык сааттарды өткөрүүдө чылым чегүүнүн, алкоголдук ичимдиктердин зыяндуулугу жөнүндө айтып беришти. Ошондой эле жалпы мектеп боюнча биринчи медициналык жардам көрсөтүү, COVID-19 каршы эмдөөнүн пайдасы темасында бир катар лекциялар уюштурулду.
Мектептин дене-тарбия мугалими Иван Иванов
Мындан тышкары, иш – чаранын катышуучулары шаарды жашылдандырууга басым жасап, мектептин айланасына 200гө жакын жемиш көчөттөрү отургузулду.
4- класстын окуучусу Керемет Аманкулова спорттук оюндарга активдүү катышууда
Ден соолук акциясына айылдык оорукананын дарыгери Рустам Ридванов дагы катышты. Ал мектеп окуучуларына Бүткүл дүйнөлүк ден-соолук күнү жөнүндө айта кетти.
“Бүгүнкү иш-чараны өткөргөндүгүңөр үчүн мен кубанычтамын. Ден соолук- бул толук физикалык, психикалык жана социалдык жыргалчылыктын абалы.
Рустам Ридванов окуучуларга «Ден-соолуктун башаты тазалык. Ал эми тазалыкты айлана чөйрөдөн баштоо керек»- деди
Айта кетсем, 1948-жылы 7-апрелде Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун конституциясы күчүнө кирген. Ошондон бери бул дата уюмдун туулган күнү болуп эсептелет жана жыл сайын Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнү катары белгиленүүдө. ДСУнун конституциясы ден соолук укугун расасына, динине жана социалдык абалына карабастан ар бир адамдын ажырагыс негизги укугу катары тааныйт.
Мектептин айланасын тазалоо учуру
Биздин айыл көп улуттуу айылбыз. Ар бир элдин өзгөчө маданияты салт санаасы бар. Мына бүгүнкү күнү ар улуттун спорттук оюндарын көргөзүп бердиңер. Бул албетте бизди кубандырат. Келечек муундардын ден-соолугу биз үчүн маанилүү, ошондуктан спорттук оюндарга активдүү катышып, кызыгууңар мындан да арттыруусун каалайт элем.”
Турсун Омуралиева