Өлкөдө балдарды 1-класска электрондук каттоо 11-апрелде башталган. Кабыл алуу mektep.edu.gov.kg маалыматтык системасы аркылуу эки этапта жүргүзүлөт. Каттоонун биринчи этабы 27-июнга чейин созулат. Ал эми экинчи этап 27-июндан 10-сентябрга чейин уланат. Арыз толтуруудага жаралган суроолорго алдыда жооп ала аласыз.
Кантип арыз берүү керек?
Арыз берүү үчүн төмөндөгү маалыматтарды ырааты менен толтуруңуз:
1. Баланын кимиси экениңизди көрсөтүңүз?
• Атасы;
• Апасы;
• Мыйзамдуу өкүлү (бул пунктту тандаган учурда тийиштүү документти тиркөө талап кылынат).
2. Баланын ата-энеси/мыйзамдуу өкүлү тууралуу маалыматтар:
• Жарандыгы;
• Жеке идентификациялык номери (ЖИН), аты-жөнү, паспорттук маалыматтары (сериясы, номери);
• Уюлдук телефон номери;
• (Логин жана пароль келе турган) негизги электрондук почтасы;
• Кошумча электрондук почтасы (Электрондук почталар каттоо жазуусун калыбына келтирүү үчүн зарыл);
• Жеңилдик бар/жок (бул пунктту тандаган учурда тийиштүү документти тиркөө талап кылынат).
3. Бала тууралуу маалыматтар:
• Баланын жеке идентификациялык номери (ЖИН), аты-жөнү, туулган датасы, жынысы;
• Туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн сериясы, номери.
4. Мектепти тандоо:
Биринчи этап боюнча:
• Эңсеген окутуу тили;
• Ата-энесинин катталган дареги боюнча системада тийиштүү мектеп автоматтык түрдө көрүнөт.
Экинчи этап боюнча:
• Эңсеген окутуу тили;
• Областы/шаары;
• Арыз ээси бош орундар болгон учурда каалаган мектепти тандай алат.
5. Арыз берерден мурда толтурулган маалыматтарды көрүп чыгуу:
• Арыз берерден мурда арызда толтурулган маалыматтардын тууралыгын текшерүү талап кылынат;
• Арызыңыз тастыкталгандан кийин сиздин электрондук почталарыңызга мектепке кабыл алуу үчүн арыз ийгиликтүү берилгендиги тууралуу билдирме жөнөтүлөт.
Каттоо башталганда колдонуучулардын ири агымынан улам техникалык катачылык жүрүп, система маал-маалы менен күч келүүдөн улам бузулушу мүмкүн, анткени бир нече маалыматтар базасын интеграциялоо боюнча татаал архитектурага ээ. Күн ичинде адистер техникалык маселелерди четтетип, билдирмени толтуруу жана аны тастыктоо процессин жөнөкөйлөштүрүшөт жана автоматташтырышат. Бул учурда министрлик ата-энелерден түшүнүү менен мамиле кылууну суранып, бардык жарандар каттоодон өтө аларын ишендиришет.
Арыздарды толтурууда ата-энлерде бир топ суроолор жаралат алардын айрымдарына жооп беребиз.
Логинди жана сыр сөздү кайдан алуу керек?
— Сизге катталуу үчүн жеке кабинетке башынан эле кирүүнүн кереги жок, арыз берүү үчүн бардык саптарды толтуруу жана тиешелүү документтерди (жеңилдик берилгендер жана баланын мыйзамдуу өкүлдөрү) «Мектепке арыз берүү» же «Бала бакчага арыз берүү» бөлүгүнө тиркөө зарыл болот. Ийгиликтүү каттоо тууралуу жыйынтык сиздин электрондук почтаңызга келип түшөт.
Мектепке жана бала бакчага катталуу бир сайт аркылуу жүргүзүлөбү?
— Ооба, мектепке жана бала бакчага катталуу бирдиктүү mektep.edu.gov.kg сайты аркылуу жүргүзүлөт.
Башка суроолорго жоопторду жана кененирээк маалыматтарды төмөнкүдөй жолдор менен алууга болот:
• Колл-борбор: 119
• Техникалык колдоо: 0 (312) 988 940
• 0220 022 196
• 0220 022 183
• 0220 022 381
Call-центр: 119,
Техникалык колдоо: +996 312 988 940, +996 220 022 196, +996 220 022183, +996 220022381
Ата-энелер үчүн бул материалдарды дагы окууну сунуштайбыз:
Ата-энелерге кеңеш: Баланы мектепке даярдоо
Балага чет тилин кайсы куракта үйрөтүп баштоо керек?
Ийгиликтүү баланы тарбиялоодо үй-бүлөдө эмнелерге көңүл буруу керек?
Айгерим Кубатбекова