Өзү Таластын Аманбаев айылында туулуп өскөн учурда Португалияда жашаган кыргыз кызы Земфира Шабыт топурактын арыктап баратканына ар бир жарандын көңүл буруш керектигин айтып, маселени кантип чечүү сунуштарына токтолот. Ал учурда Индиядагы “Иша” фондунун ыктыярчысы.
Азыркы учурда дүйнө жүзү боюнча айыл-чарбага карата колдонгон, жер-жемиш жана жегенге тамак-аш өскөн кадимки эле асыл жер-топурактын 40-60 жылдын ичинде арыктап, толугу менен кумга айланып, жок болуп кетиши эң орчундуу маселе. Таш-кумда тамак-аш өспөйт.
Бул маселени кентип чечүү керек?
-Маселени адамзаты азыр чечиш керек. Эгерде азыр уктап калсак, анда 40-60 жылдын ичинде келечектеги муундар ачкачылыктан жана тамак-аш жоктугу арбып, чыккан согуш-талаштардан күйүп жок болуп кетишет. Келечектеги муун дегенибиз бул биздин азыркы көкүрөк-күчүк кыздарыбыз, балдарыбыз жана неберелерибиз ачкачылыкка, жокчулукка жана кулчулукка дуушар болуп калышат. Анткени мындай башаламандыкта жана ачкачылыкта адамзаты адамкерчилигин жоготуп тамак-аш талашып, адамкор айбанга айланышат жана мындай согуш кырдаалында тилекке каршы мылтыгы чон болгон айбандар үстөмдүк кылып, башкарып калышат. Ачкачылык зордук-зомбулуктун кесепети болот. Эл үркүп, үркүндөгүдөй көчкү каптагандай көчүп, качып жылышат. Балдарыбызды, кыздарыбызды, неберелерибизди сактап калыш үчүн биз айыл-чарбада колдонгон асыл жер-топуракты сактап калышыбыз зарыл. Кудай сактасын, оозуңа таш деп азыр уктап калсак бизде болгон 20-25 жылдай убакытты иче албай алакандан агып түшкөн суудай агызып, жоготуп алабыз. Бул коркутуп, үркүтүш үчүн айтылган жомок эмес, тилекке каршы бул илимий тастыкталган окуя.
20-25 жылдай убакыт деген бул эмне?
— 20-25 жыл бул биздин келечектеги муундар үчүн, деги эле адамзаты үчүн болгон сүйүнчүбүз. Анткени бул убакыт биздин асыл жер-топуракты сактап калуубуз менен бирге балдарыбызды жана неберелерибизди, негизи эле адамзатын сактап калуу менен барабар. Анткени кумда тикенектен башка эч нерсе өспөйт, ал эми асыл топурактуу семиз жерде биринчиден жер-жемиштер жана мөмө-жемиштер өсөт. Экинчиден кийим-кечекке жана турак жайга керек болгон буюмдар пахта болобу, жыгач болобу, темир-кесек болобу эң алгачкы бары асыл жер-топурактан келип чыгат. Биз улуу муун катары кийин кеч болгондон кийин балдарыбыздан жана неберелерибизден аттин ай деп кечирим сурабастан азыр чара көрүшүбүз керек. 20-25 жыл убакытыбыз бар ошону туура колдонолу адамзат!
Асыл жер-топурак кантип эле арыктап жок болуп кетмек эле, жер-топурак көп эмеспи?
— Топурак бул эң бай келген экологиялык жана табигый көрүнүш. Асыл жер-топурак бул биз баалабаган, кадырлабаган жаратылыштын сыйкыры. Эгерде бир кичинекей кашык менен арыктап кетпеген, жакшы семиз жерден топурак сүзүп алсак ал бир кашыктагы асыл топуракта болгон бактериялык тиричиликтин саны бүткүл дүйнө-жүзүндөгү адамдардын саны менен барабар болот. Асыл жер-топурак ошончолук бай болот. Биз топуракты кир деп эсептейбиз бирок ошол асыл топурактагы бактериялык тиричилик болбогондо биз дагы болмок эмеспиз. Анткени биз ичип, жеген тамак ашты ичегибиздеги бактериялык тиричилик аш кылат. Аларсыз тамак аш болмок эмес, жашоо жана тиричилик токтоп калмак. Ошону сынарындай эле жер-жемиш жана мөмө-жемиштер өсүп чыккан асыл жер-топурактагы бактериялык жашоо тиричилик кайнап, куунап өсүмдүктөрдүн өсүп чыгышына өбөлгө түзөт. Бул бактериялык жашоо тирикчилисиз тамак-аш деги эле болмок эмес. Асыл жер-топурак ошончолук баалуу. Асыл жер-топурак семиз жана бай болуш үчүн жана мындан ары арыктап, кумга айланбаш үчүн:
КӨЛӨКӨ-жер-топуракты көлөкөдө кармаш керек, биз күндөн калкаланып салкын же көлөкө издегендей эле жер-топурактагы бактериялык жандыктар күндү сүйгөнү менен өтө ысып кетпеши керек. Күн менен бирге эле салкын (көлөккө) дагы зарыл. Ошондуктан мүмкүн болушунча жер-топуракта мөмө-жемиш талдарын же бадалдарын өстүрүш керек. Анткени талдын асты көлөкө болот. Же болбосо чарбачылыкка карата иштетилген жерде малга чөп өстүрүш керек, ошондо жер-топурак көлөкөдө болот;
ЖЕР ЭНЕ-жер топуракты жөн эле буюм же нерсе катары колдонуп, химиялык жер-семирткичтер менен уулабастан топуракты асырап ыйык мамиле жасаш керек. Жер- энебиз тирүү жана жандуу. Биз адамзаты, жаныбарлар негизи эле бардык тирүү жандыктар топурактан жаралганбыз. Биз жеген тамак-аштын бардыгы топуракта өсүп чыккан. Жашообуз түгөнгөндө кайра топуракка айланабыз. Жер-энебиз химиялык заттар менен ууланып калса бизге берген ак сүтү дагы ууланып калат. Демек биз дагы акырындап ооруп-сыктап ууланып калабыз. Жер-топурактын ден соолугу биздин ден-соолук менен түздөн-түз байланыштуу. Жер-топуракка уу чачып биз аман болобуз деген ой жүгүртүү абдан кооптуу жана карангы, көзү ачык эмес, көзү жумук ой жүгүртүү. Маселен, мен билбей колорадо куртуна карата колдонуп ууга чыланган картошканы жеп алып 11 жумалык балам боюман түшүп калган. Химиялык жер-семирткичтер чынында жер-арыктаткычтар болушат. Балким бир-эки жолу түшүм бергенсийт, бирок көп узабай жер арыктап калат. Жер арыктап кетсе, жер катмарынын эн үстүнкү минералдарга бай келген жана бактерияларга бай келген катмарын кайра жандандыруу бир же эки өмүрлүк убакытты талап кылат;
ҮЙ ЖАНЫБАРЛАРЫ жана КУШТАРЫ-иштетилген жерде жаныбарлар жана куштар болсо жер-топурак үчүн эң сонун анткени жаныбарлардын жана куштардын чарбадагы иш-аракеттери топурактын ден-соолугуна абдан пайдалуу болот. Ошондой эле жаныбарлардын жана куштардын заны жер-топурак үчүн табигый жана пайдалуу жер-семирткич болуп саналат. Маселен мен өсүп чоңойгон айылда жерди билген жана түшүнгөн айылдаштарым суугат учурунда атайын шербет суусун жасап жерди суугарышат. Шербет суусун тооктун же уйдун занын сууга аралаштырып, бир нече убакытка ачытып анан жерге беришет. Жер үчүн ал шербет суусун ичкендей болот. Аласасынын бересеси бар дегендей, жерден алгандан кийин кайра кайтарыш керек. Чарбада чогулган чөп-сабактарды же жалбырактарды шыпырып, өрттөбөй жерге бериш керек. Жалбырактар жана чөп-сабактар жерде чирисе бул жер-топуракта кайнап, куунап жашаган бактериялык жандыктар үчүн эң сонун.
Жазгы себүүгө топуракты кантип даярдоо керек?
Айгерим Кубатбекова